Зеленский Украинаны Евробиримдикке кабыл алуу тууралуу арызга кол койду

  • 2 года мурун

Владимир Зеленский Украинаны Европа Биримдигине кабыл алуу тууралуу арызга кол койду. Бул тууралуу ал 28-февралда «Фейсбук» баракчасында кабарлады.

Арыз Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйенге жазылды. Ал качан каралары жана өлкө уюмга качан кирери белгисиз. Мурдараак өлкөнүн премьер-министри Денис Шмыгал Украина уюмга атайын тартип менен кирерин билдирген.

Зеленский 28-февралдагы кайрылуусунда Европа Биримдигинен “кечиктирилгис процедуранын негизинде” Украинаны кошуп алуусун өтүнгөн.

Ал украин армиясы өз жери үчүн эле эмес, жалпы Европа үчүн согушуп жатканын белгилеп, “уюмга кошулууга татыктуу” экенин белгиледи жана Евробиримдикке ушуга чейинки колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты