Украинадагы кырдаал Борбор Азия өлкөлөрүнүн улуттук валюталарына таасир этти

  • 2 года мурун

Казакстандын Улуттук банкы теңгенин курсун колдоо үчүн 24-январда 104 миллион доллар интервенция жасады.

Түштөн кийин акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу 465,9 теңгеге чейин жетти. Эртең менен расмий курс 437 теңгени түзүп турган.

Орусиянын Украинага карата аскердик агрессиясы башталгандан кийин Тажикстанда рублдин сомониге карата курсу кескин төмөндөп кетти. Өлкөдөгү бир нече банк 1000 рубль 128 сомониге сатылып жатканын ырасташты. Бул 24-февраль эртең мененки көрсөткүчтөн 13 сомониге аз.

Тажикстандын Улуттук банкы өлкөдө сомониге карата рублдин курсу кескин төмөндөп кеткенин ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Бул күнү Кыргызстандын банктарында да АКШ долларынын курсу кескин көтөрүлүп, бир доллар 95 сомго чейин чыкты. Акча алмаштыруу жайларында доллардын тартыштыгы пайда болуп, кээ бир жерлерде АКШ валютасы сатылбай калды.

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногундагы олку-солку абалды Украинадагы акыркы окуялар боюнча АКШ жана Европа союзуна кирген өлкөлөр Орусияга киргизип жаткан санкциялар менен байланыштырды. Мекеме ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рыногундагы жагдай банктын көзөмөлүндө экенин билдирди.

Ошол эле кезде Орусиянын экономикасындагы өзгөрүүлөр Кыргызстандын валюта рыногуна кыйыр түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертти. Улуттук банк өлкөдөгү доллардын тартыштыгын жоюу үчүн 13 миллион 50 миң доллар интервенция жасады.

«Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн алты айын жабат. 2022-жылдын 22-февралына карата абал боюнча Улуттук банктын эл аралык резерви 2 792,4 миллион АКШ долларын түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда 24-февраль эртең менен бир АКШ доллары 84,9 сомдон сатылып жатса, түштөн кийин доллардын курсу 95 сомго чейин көтөрүлдү. Кээ бир банктардын мобилдик тиркемелеринде валюталарды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү убактылуу өчүрүлдү.

Орусиянын Президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим чыгарганын жарыялады.

Украинанын Президенти Владимир Зеленский дүйнө лидерлерин антипутиндик коалиция түзүүгө чакырды.

АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын Донбасста атайын аскердик оперция баштоо чечимин айыптады.

Украинанын Президенти Владимир Зеленский Орусиянын чабуулуна байланыштуу Киев Москва менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялады.

Орусиянын ракеталык чабуулдарынан улам Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 40тан ашуун кызматкери каза болду, ондогон жоокер жаракат алды. Бул тууралуу Украина Президентинин кеңешчиси Алексей Арестович 24-февралда атайын брифингде кабарлады.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты