Түркмөнстанда Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын жыйыны өтөт

Президент Садыр Жапаров 8-9-октябрда Түркмөнстанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Мамлекет башчы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Түркмөнбашы шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Борбор Азия жана  Азербайжан мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги кеңешинин жыйынына катышат.

8-октябрда өлкө лидерлери актуалдуу маселелери, саясий диалогду мындан ары чыңдооу, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле энергетика жана экология тармактарындагы маселелерди талкуулашат.

9-октябрда КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Ашхабад шаары. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты