Борбор Азия-Корея: Сеул декларациясы кабыл алынды
- 4 недели мурун
16-сентябрда “Борбор Азия — Корея Республикасы” саммитинин жыйынтыгында мамлекет башчылары Сеул декларациясын кабыл алышты.
Лидерлер Корея Республикасы менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибинин негизги маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
«Корея Республикасы – Борбордук Азия» саммитин туруктуу негизде эки жылда бир жолу чакырылмакчы.
Лидерлер терроризм, баңги жүгүртүү, киберкоркунучтар, трансулуттук кылмыштуулук жана мыйзамсыз миграция сыяктуу негизги чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө кызматташуу үчүн негиз түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Лидерлер ядролук куралсыз Зонанын Борбордук Азияда ядролук куралды жайылтпоо глобалдык режимин бекемдөөдө, ошондой эле региондук кызматташууда жана коопсуздукта маанисин белгилешти.
Казакстан 2028-жылы Астанада экинчи саммит өткөрүүгө даяр экенин билдирип, башка мамлекеттер бул сунушту колдошту.
16-17-сентябрда Түштүк Кореянын Сеул шаарында Борбор-Азия Корея биринчи саммити өттү.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында президент Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүрөт: president.kg
Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан




