Украина: Орусиянын чабуулунан 40тан ашуун жоокер курман болгону расмий кабарланды

  • 2 года мурун

Орусиянын ракеталык чабуулдарынан улам Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 40тан ашуун кызматкери каза болду, ондогон жоокер жаракат алды. Бул тууралуу Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович 24-февралда атайын брифингде кабарлады.

Буга чейин Украинанын Ички иштер министрлиги Орусиянын чабуулунан жети жоокер каза болуп, 15и жарадар болгонун маалымдаган. Мамлекеттик чек ара кызматы Херсон облусунда үч чек арачы каза болгонун билдирген.

Мындан тышкары Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат Харьков облусунда көп кабаттуу үйлөргө тийген снаряддардан жашы жете элек бир бала каза болгонун кабарлаган. Турак жайдын башка жашоочулары эвакуацияланган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасашты.

Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракеталык октор атылганын ырастады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты