Түркмөнстанда Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын жыйыны өтүүдө

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Түркмөнстандын «Аваза» комплексинде өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына катышып сөз сүйлөдү.

Президент өнөр жай кооперациясына өзгөчө көңүл буруп, өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жеңил өнөр жай, курулуш материалдарын өндүрүү жана логистика тармактарында өз ара пайдалуу конкреттүү долбоорлорду аныктоону, анда катышуучуларды, каржылоо булактарын жана ишке ашыруу мөөнөттөрүн көрсөтүүнү сунуштады.

Өзүнчө багыт катары президент электрондук сооданы өнүктүрүүнү, Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү электрондук соода аянтчасын түзүү сунушталды.

Транспорттук каттамдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Президент экономикалык кызматташтыктын натыйжалуулугу түздөн-түз аймактын транспорттук байланышынын ишенимдүүлүгүнө, ташуулардын наркына жана транзиттик шарттардын болжолдуулугуна көз каранды экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушуна өзгөчө көңүл буруп, ал аймактагы өлкөлөрдүн эл аралык транспорттук жана өндүрүштүк байланыштарга кошулуусу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты.

Ошондой эле президент жалпы туристтик мейкиндикти түзүү элдердин жакындашуусу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.

«Биздин өлкөлөр бири-бирин толуктаган туристтик потенциалга ээ. Тарыхый шаарлар, тоолуу жана Каспий жээгиндеги каттамдар, бай маданий мурас Борбордук Азияны жана Азербайжанды саякаттоо үчүн жагымдуу багыт катары илгерилетүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө мүмкүндүк берет», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров жана «бир саякат – бир нече өлкө» принциби боюнча кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты