Жапаров “Борбор Азия – Кытай” форматындагы өлкөлөрдүн курулуш министрлерин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 12-ноябрда “Борбор Азия – Кытай” форматындагы өлкөлөрдүн курулуш министрлерин кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Садыр Жапаров Сиань жана Астана шаарларында форматтын эки саммитинин ийгиликтүү өткөрүлүшү, “Борбор Азия – Кытай” форматынын Катчылыгынын натыйжалуу иштеши, ошондой эле келерки жылы Кытайда үчүнчү саммиттин өтүшү бул механизмдин ролу өсүп жатканын жана мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүү зарылдыгын айгинелеп турарын айтты.

Мамлекет башчы белгилегендей, мындай иш-чараларды, атап айтканда, “Борбор Азия – Кытай” форматындагы курулуш министрлеринин жолугушуусун өткөрүү Борбордук Азия мамлекеттери менен Кытайдын көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана курулуш тармагындагы актуалдуу милдеттерди чечүү боюнча натыйжалуу чечимдерди макулдашылган түрдө иштеп чыгууга умтулуп жатканын көрсөтүп турат.

Өз кезегинде “Борбор Азия – Кытай” форматынын катчылыгынын башкы катчысы Сунь Вэйдун “Борбордук Азия – Кытай” форматындагы курулуш министрлеринин экинчи жолугушуусун жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн катчылыктын атынан кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Жетишилген натыйжалар келерки жылы Кытайда өтө турган “Борбор Азия – Кытай” үчүнчү саммитинин алдында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө салым кошот.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты