Зеленский Украина Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялады

  • 2 года мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын чабуулуна байланыштуу Киев Москва менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялады.

Өз билдирүүсүндө ал Орусиянын кол салышын Германиянын СССРге кол салышы менен салыштырып, мындай өлкө менен карым-катнаш жасоого мындан ары мүмкүн эмес экенин билдирди.

Ушул тапта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракеталык октор атылганын ырастады.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасашты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты