Борбор Азия – Корея: Садыр Жапаров кызматташтык багыттарын атады    

Бүгүн, 16-сентябрда, Сеул шаарында «Борбор Азия – Корея Республикасы» биринчи саммити өтүп жатат. Саммите Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.

Иш-чарага ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кореянын президенти Ли Чжэ Мён катышты.

Мамлекет башчыы Корея Республикасын Борбор Азиянын ишенимдүү өнөктөшү деп атап, акыркы жылдары соода, инвестиция, транспорт, энергетика, санариптештирүү жана билим берүү тармактарында өз ара пайдалуу кызматташтык калыптанганын белгиледи.

Садыр Жапаров кызматташтыктын бир катар артыкчылыктуу багыттарын атады.

Ал “Борбор Азия – Корея Республикасы” форматынын алкагында Тышкы иштер министрлеринин жолугушууларынын координациялоочу ролун күчөтүп, бул механизмге саясий коштоо жана жетишилген макулдашуулардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү функцияларын берүүнү сунуштады.

Экономикалык тармакта инвестициялар боюнча мамлекеттик мекемелердин кеңешин түзүүнү, маанилүү долбоорлордун бирдиктүү портфелин калыптандырууну жана артыкчылыктуу демилгелерди каржылоо, өндүрүштөрдү локалдаштыруу жана кореялык бизнестин Борбор Азиянын рынокторуна чыгуусу үчүн биргелешкен инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады.

Технологиялык кызматташтыкка, жасалма интеллектти киргизүүгө жана санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте Президент биргелешкен пилоттук технологиялык аянтчалардын тармагын түзүүнү сунуш кылды.

Садыр Жапаров тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугу боюнча өнөктөштүк түзүү демилгесин көтөрүп, катышуучуларды 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” Глобалдык тоо саммитине чакырды. Ал муну менен катар таза жана гидроэнергетика, ошондой эле “жашыл” мобилдүүлүк жаатындагы кызматташтыктын келечегин белгиледи.

Сөзүндө адам капиталын өнүктүрүү маселеси да маанилүү орунду ээледи. Мамлекет башчысы билим берүү программаларын, академиялык алмашууларды жана биргелешкен изилдөөлөрдү кеңейтүү менен бул жаатты кызматташтыктын системаны түзүүчү багытына айландырууга чакырды.

“Саясий эркти иш жүзүндөгү жетишкендиктерге айландыруу зарыл” деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты