УКМКда Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана анын таасирлери талкууланды
- 3 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Анарбек Бакаев атындагы академиясында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын республикадагы диний кырдаалга тийгизген таасири боюнча тегерек стол өткөрүлдү.
Тегерек столдун катышуучулары эл аралык терроризмдин жана диний экстремизмдин көрүнүштөрүнө байланыштуу республикадагы учурдагы оперативдик кырдаалды талкуулашты. Согуш аймактарынан (Сирия, Ирак) кайтып келгендерди реабилитациялоо жана адаптациялоо, ошондой эле аларды Кыргызстандын коомдук жашоосуна интеграциялоо механизмдери каралды.
Дискуссиянын өзгөчө бөлүгү Жакынкы Чыгыш аймагындагы кризистик көрүнүштөрдүн Кыргызстандагы диний жана коомдук-саясий кырдаалга тийгизген таасирине арналды. Жакынкы Чыгыш боюнча эксперттер жаңы геосаясий шарттарда террористтик уюмдардын идеологиясынын трансформациясы тууралуу, ошондой эле маалыматтык мейкиндик жана миграция аркылуу деструктивдүү идеологиялык баяндардын жайылышынын тобокелдиктери боюнча аналитикалык баяндамаларды сунушташты.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.
Сүрөт: УКМК




