УКМК: Экс-президент Акаевге козголгон кылмыш ишин тергөө улантылууда

  • 2 года мурун

«Кумтөр» иши боюнча мурдагы президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишин тергөө улантылып жатат. Кылмыш иши соңуна чыккан жок.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.   

-УКМК “Кумтөр” иши боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын коомчулукка маалымдайт.

Мындан тышкары, мурдагы Президент Аскар Акаевге 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен Башкы келишим түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылды.

Айрыкча, Аскар Акаев күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын жана анын өлкөдөн чыгып кетиши, Бишкекке келиши алдын ала тергөөчү менен макулдашылганын белгилейт.

Ошол эле учурда, кылмыш ишинин тергөө амалдары улантылып, «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууга байланыштуу кылмыштарды жасоонун башка фактылары аныкталууда, тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ишке тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилет.

Ошондуктан, Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушу тууралуу жеке адамдар тарабынан таратылган маалыматтар чындыкка дал келбейт.

УКМК өлкө жарандарын өзгөчө кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча жалган маалыматтарды таратпоого жана коомчулуктун оюн адаштырбоого дагы бир ирээт чакырат, -леп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев 14-декабрда Кыргызстандан сурактан Москвага кайткандан кийин «Московский комсомолец» гезитине интервью берип, айыптоолор кантип алынып салынганын айтып берген. Ал Президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазылыгын билдирген. жана Кумтөр иши боюнча эч доомат жок, эми Кыргызстанга каалаган учурда келсе болоорун айткан.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Улуттук коопсуздук комитетине “Кумтөр” иши боюнча сурак берди. Мурдагы президент Аскар Акаев 14-декабрда Москвадан Кыргызстанга келген.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен. Ошондон кийин биринчи жолу ушул жылы, 2-августта, Кыргызстанга келип, “Кумтөр” иши боюнча сурак берген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты