Мурдагы Президент Аскар Акаев Кыргызстанга алынып келинди

  • 3 года мурун

Кыргызстандын мурдагы Президенти Аскар Акаев Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, 8-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кени боюнча коорупцияга аралашкан деген жүйө менен мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

УКМКнын билдирүүсүндө, «Кыргыз Республикасынын УКМКсы тарабынан тергөөнүн жүрүшүндө Акаевди Республикага алып келүү жолу менен жоопко тартуу боюнча жана тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү», — деп айтылат.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кетип, ошондон бери Кыргызстанга келе элек болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты