Аскар Акаев Кыргызстанга кайрадан келди

  • 2 года мурун

Мурдагы президент Аскар Акаев бүгүн, 14-декабрда, Москвадан Кыргызстанга учуп келди.

Бул тууралуу 24 kg сайты өздүк булактарына таянып билдирди.

ЖМК маалыматтарында Аскар Акаев бүгүн саат 4:40та уулу Илим менен учуп келгендиги айтылат.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен. Ошондон кийин биринчи жолу ушул жылы, 2-августта, Кыргызстанга келип, “Кумтөр” иши боюнча сурак берген.

Бул жолу Аскар Акаевдин Кыргызстанга келишинин максаты белгисиз.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты