Аскар Акаев: Кыргызстанга эми каалаган учурда келе алам

  • 3 года мурун

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев 20-декабрда Москвага кайтып барды. Ал “Московский комсомолец” гезитине берген интервьюсунда 16 жылдан кийин андан айыптоолор кантип алынганын жана Кыргызстанга баргандары сезими менен бөлүштү.   

Интервьюда Аскар Акаев жайында Кыргызстанга келиши президент Садыр Жапаров жана Россинын президенти Путин менен макулдашылганын белгиледи.

Аскар Акаев сурактын негизги бөлүгү “Кумтөр” иши менен байланыштуу болгонун айтты:

— Кумтөр» иши боюнча укук коргоо органдары менен тыгыз иштегем. Учурда мага карата эч кандай доомат жок. Эми Кыргызстандын жараны катары өлкөгө каалаган учурда бара алам,- деди Акаев

Мурдагы президент Акаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана  УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге ыраазы болгонун билдирди:

 — Жапаров гана мага адилеттүү мамиле жасады. Ал мага кылмыш иштерин менсиз жаап кое албай турганын ачык эле айтты. Ал үчүн мен суракка катышуум керек болчу. Мен макул болдум,- деди.

Ал эми Камчыбек  Ташиев тууралуу мындай деди:

 -УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге ыраазымын. Ташиев жана анын кол алдындагылар мага мыйзам чегинде, жакшы мамиле жасашты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Улуттук коопсуздук комитетине “Кумтөр” иши боюнча сурак берди. Мурдагы президент Аскар Акаев 14-декабрда Москвадан Кыргызстанга келген.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен. Ошондон кийин биринчи жолу ушул жылы, 2-августта, Кыргызстанга келип, “Кумтөр” иши боюнча сурак берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты