УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн мүлктөрүн аныктады

  • 6 месяцев мурун

 Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) К.Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө  «кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кыймылсыз мүлк объекттери аныкталган:

1. «Илбирс-Саадат» эс алуу борборундагы коттедж;

2. Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;

3. «Коста Браво» эс алуу борборундагы коттедж;

4. «Бурана Резорт» эс алуу борбору.

Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар уланып жаткандыгы айтылды.

Буга чейин УКМК кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин 500 миң доллардан ашык асыл тукум жылкылары аныкталып, мамлекетке алынганы тууралуу маалымдаган.

Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз алынган мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 млрд долларды түзөөрүн жана алар камакка алынганын билдирген.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн да кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты