УКМК: №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип кармалды (Видео)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, ал окуучулардын ата-энелеринен туруктуу акча алып турган коррупциялык схема түзгөнү аныкталды.

“Балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жана биринчи класска киргизүүдө көрсөткөн жардамы үчүн каражат алган фактылар аныкталды. Ошентип, Х.Ю.Н. системалуу негизде пара алып, ошондой эле окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылгып турган”, — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, шектүү мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында аларды жакындарына жана ишенимдүү адамдарга каттатып жүргөн.

«Тергөөнүн жүрүшүндө анын жана жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк – жер тилкелери, коттедждер, дүкөндөр, автоунаалар, үйлөр жана батирлер бар экени аныкталган. Алардын болжолдуу баасы 150 миллион сомго жакын деп бааланууда».

УКМКнын маалыматына ылайык, мектеп директорунун кеңсесин, жашаган жерин тинткенде чет элдик валютадагы ири суммадагы каражат, мүлктөрдүн документтери табылган. Ал атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Юрий Низовский атайын кызматта сурак берип жатканы 9-августта кечинде белгилүү болгон. Анын 30га жакын тарапташы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдында чогулган.

Юрий Низовский 1991-жылдан бери директор болуп иштеп келаткан.

Буга чейин ЖМКда Юрий Низовскийдин УКМК тарабынан кармалганы жарыяланган.

27-июлда Бишкек шаарындагы Максим Горький атындагы паркта №61 мектептин директору Юрий Низовскийди ордунда калтыруу талабы менен 60ка жакын ата-эне митингге чыккан.

Жалпысынан мектеп директору Юрий Низовскийди колдогон 1087 кол тамга топтолгон.

Экинчиден, алар мектеп директорлорун тандоо боюнча жобону кайра карап чыгууну сунушташты.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койду.

Жарлыкта айтылгандай, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» мекемеси тарабынан борборлоштурулган негизде жүргүзүлөт.

Билим берүү уюмдарынын жетекчилери  иш берүүчүлөр тарабынан 5 жылдык мөөнөткө тандалат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты