Балдары №61 мектепте окуган ата-энелер митингге чыгышты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-июлда, Бишкек шаарындагы Максим Горький атындагы паркта №61 мектептин директору Юрий Низовскийди орунда калтыруу талабы менен 60ка жакын ата-эне митингге чыгышты.

Жалпысынан мектеп директору Юрий Низовскийди колдогон 1087 кол тамга топтолгон.

Экинчиден, алар мектеп директорлорун тандоо боюнча жобону кайра карап чыгууну сунушташты.

Митингге чыккандар менен билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналин жана министрликтин өкүлдөрү сүйлөштү, бирок алар бир пикирге келе алышкан жок.   

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова билим берүү тармагындагы реформа жаңы 2022-2023-жылдрдагы окуу жылынын башталышына чукул убакыт калгандыгын эске алуу менен балдардын эң мыкты таламдарын камсыз кылуу керек-деп эсептейт.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койду.

Жарлыкта айтылгандай, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» мекемеси тарабынан борборлоштурулган негизде жүргүзүлөт.

Билим берүү уюмдарынын жетекчилери  иш берүүчүлөр тарабынан 5 жылдык мөөнөткө тандалат.

Сүрөт: Акыткайтчынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты