№61 мектептин директору Юрий Низовскийдин кармалганы айтылууда

  • 2 года мурун

№61мектептин директору Юрий Низовский Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан кармалганы ЖМК билдирди.

Бул тууралуу Kaktus Media өздүк булактарына таянып жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Низовский мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып жатканы айтылган. Учурда анын батиринде тинтүү иштери жүрүп жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, Юрий Низовскийдин 30-40 кыймылсыз мүлкү бар.

27-июлда Бишкек шаарындагы Максим Горький атындагы паркта №61 мектептин директору Юрий Низовскийди ордунда калтыруу талабы менен 60ка жакын ата-эне митингге чыккан.

Жалпысынан мектеп директору Юрий Низовскийди колдогон 1087 кол тамга топтолгон.

Экинчиден, алар мектеп директорлорун тандоо боюнча жобону кайра карап чыгууну сунушташты.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койду.

Жарлыкта айтылгандай, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» мекемеси тарабынан борборлоштурулган негизде жүргүзүлөт.

Билим берүү уюмдарынын жетекчилери  иш берүүчүлөр тарабынан 5 жылдык мөөнөткө тандалат.

Сүрөттө: Юрий Низовский. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты