Жалпы билим берүү: Жетекчилер конкурс менен тандалат. Беш жыл иштегендер кызматтан кетет  

  • 2 года мурун

Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо системасы киргизилет.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкта айтылгандай, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» мекемеси тарабынан борборлоштурулган негизде жүргүзүлөт.

Билим берүү уюмдарынын жетекчилери  иш берүүчүлөр тарабынан 5 жылдык мөөнөткө тандалат.

5 жылдан ашык иштеген жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул жарлык күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет. Иш берүүчүнүн чечими боюнча жаңы жетекчи дайындалганга чейин иштеп турат.  

Ал башка талапкерлер менен катар жалпы негиздерде жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна конкурстан өтүүгө укуктуу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты