Токаев өлкөдө түзүлгөн абал үчүн күнөөлүүлөрдү атады

  • 2 года мурун

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев газдын кымбатташына каршы нааразылыктан улам түзүлгөн кырдаал үчүн өзгөчө күнөө өкмөттө, энергетика министрлигинде жана «Казмунайгаз», «Казакгаз» компанияларында деп эсептейт.

Бул тууралуу ал 5-январда өкмөт мүчөлөрү менен өткөргөн жыйында айтканын Акордо билдирди.

Өлкө башчысы өкмөткө газ өндүрүү боюнча койгон тапшырмалары да тийиштүү деңгээлде аткарылбай жатканын белгилеп, көгүлтүр отундун, азык-түлүктүн баасын жөнгө салуу, турак жай жана коммуналдык төлөмдөр боюнча маселелерди карап чыгуу тапшырмасын берди.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Нааразылыкка чыккандардын айрымдарын полиция кармап кетти. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда, андан кийин Алматы облусунда  өзгөчө абал жарыяланды.

Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды.

Расмий кабарга ылайык, өкмөт башчынын биринчи орун басары Алихан Смаилов убактылуу премьер-министрлик кызматты аркалайт.

Өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантат.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты