ТИМ: Түркияда кармалган жарандын иши өзгөчө көзөмөлдө турат

  • 2 месяца мурун

Тышкы иштер министрлиги Түркияда кармалган Эрмек Сабыржанов  аттуу Кыргыз Республикасынын жаранына консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин консулу “Синжан” түрмөсүнө барып, Эрмек Сабыржанов менен жолугушту. Кармалган кыргызстандыктын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында тиешелүү консультациялар берилди.

Мындан тышкары, элчилик тарабынан кармалган жарандын жакын туугандары менен телефон аркылуу байланыш түзүүсүнө көмөк көрсөтүлүүдө.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турары белгиленди.

Түркияда Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржанов диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалган.

Анда айтылгандай, «ал ушул жылдын 22-майында суракка алынып, 23-майда камалган. 34 жаштагы Эрмек Сабыржановду Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип баратканда Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан укук коргоо кызматкерлери кармаган. Алдын ала маалымат боюнча, Түркиянын укук коргоо органдары ага ФЕТО (“Фетхуллахчы террордук уюм”) уюмуна байланыштуу айып тагып жатат. Эрмек Сабыржанов 2014-жылдары Түркиянын Измир шаарында билим алган» деп билдирди басылма.

«Анын адвокаты Эрдем Атмажа “Азаттыкка” Эрмек Сабыржанов кармалганын ырастап, ушул тапта Анкарада абакта экенин кабарлады. Бирок кайсыл иш боюнча кине коюлганын айткан жок. Адвокат Сабыржановдун ишине байланыштуу бардык маалыматтарды Түркиядагы Кыргызстандын элчилигине бергенин кошумчалады.

Буга чейин Фетхуллах Гулендин кыймылына байланыштуу Түркияда Азамат Нурмат уулу кармалган.  

Азамат Нурмат уулу үй камагына чыгарылганы кабарланган. Андн кийин ал Кыргызстанга кайткан.

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева  Түркиянын башкы акыйкатчысы Мехмет Акаржага Анкара шаарында кармалган кыргыз жараны Эрмек Сабыржанов боюнча кат жолдоду.

Эрмек Сабыржановдун жакындары Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушуп, укугун коргоп берүүнү суранышкан.

Коомдук жана диний ишмер агартуучу, Түркияда террористтик деп табылган FETO уюмунун башчысы Фетхуллах Гүлен АКШда 2024-жылы кайтыш болду. 2016-жылы Түркияда Фетхуллах Гүленди мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпташкан. Андагы эки күндүк толкундоолордо 250 киши каза таап, 2,2 киши жаракат алгандан кийин, Анкар бийлиги АКШдан Гүленди ал өлкөдөн чыгарып берүүнү талап кылышкан жана Түркия бийлиги акыркы ФЕТО уюмунун мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылгыча куугунтуктай турганын билдирген.  

Сүрөттө: Эрмек Сабыржанов. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты