Түркияда кармалган мугалим Азамат Нурмат уулу Кыргызстанга кайтты

  • 1 месяц мурун

Түркияда кармалган Кыргызстандагы «Маариф»мектебинин мугалими Азамат Нурмат уулу Мекенине, Кыргызстанга кайтты. Бул тууралуу ал  “Азаттыкка” 13-декабрда билдирди.   

Бул 11-декабрда Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунүнн сүйлөшүүлөрүнөн кийин мүмкүн болгондугу белгиленди. Кийинки соттук отурумга, келерки жылдын январь айында боло турган мугалимдин адвокаты катышары айтылды.

Түркияда кармалган “Маариф” мектебинин мугалими Азамат Нурмат уулу үй камагына чыгарылганы жети ай мурда кабарланган.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев буга чейин билдиргендей, Азамат Нурмат уулу Фетхуллах Гулендин кыймылына байланыштуу кармалган.  

Математика боюнча эл аралык олимпиаданын 2-туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп жүргөн кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу (Азамат Нурматов) Түркиянын аэропортунда кармалгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Ал — “Маариф” фондунун (мурдагы «Сапат») Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими.

Билим берүү жана илим министрлиги Каракол шаарындагы Кусеин Карасаев атындагы балдар лицейинин мугалими Азамат Нурматовдун (Азамат Нурмат уулу) Түркияда кармалгандыгы боюнча тараган маалыматтарга байланыштуу 24-апрелде билдирүү таратты.

«Билим берүү жана илим министрлиги Анталья шаарындагы эл аралык математика олимпиадасына мектеп окуучуларынын катышуусуна жана алардын өлкөдөн чыгуусуна эч кандай тиешеси жок экенин билдирет. Бул сапардын бардык уюштуруу маселелери, анын ичинде тандоо, коштоп баруу жана логистика маселелери жеке Zeen Education билим берүү компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн» деп айтылат маалыматта.

«Zeen Education» компаниясынын директору Айнура Мамашариптин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 20-апрелинде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталья шаарына барышкан. (Баргандардын алгачкы тобу мурдараак кайтып келген). Окуучулар ата-энелеринин макулдугу менен «Zeen» компаниясынын өкүлдөрүнүн коштоосунда сапарга чыгышкан. Олимпиадага баргандардын бир бөлүгү мурдараак кайтып келген.

Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы башкы консулдугунун маалыматына ылайык, Анталья шаарында өткөн математика боюнча эл аралык олимпиаданын бардык катышуучулары, анын ичинде 26 окуучу, 3 ата-эне жана 2 мугалим Кыргызстанга кайтып келди.

Сүрөттө: Түркиядан кармалган мугалим Азамат Нурмат уулу. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты