Министрлик Түркияда мугалим кармалган олимпиадага тиешеси жок экенин билдирди
- 3 недели мурун
Билим берүү жана илим министрлиги Каракол шаарындагы Кусеин Карасаев атындагы балдар лицейинин мугалими Азамат Нурматовдун (Азамат Нурмат уулу) Түркияда кармалгандыгы боюнча тараган маалыматтарга байланыштуу 24-апрелде билдирүү таратты.
«Билим берүү жана илим министрлиги Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан эл аралык математика олимпиадасына мектеп окуучуларынын катышуусуна жана алардын өлкөдөн чыгуусуна эч кандай тиешеси жок экенин билдирет. Бул сапардын бардык уюштуруу маселелери, анын ичинде тандоо, коштоп баруу жана логистика маселелери жеке «Zeen Education» билим берүү компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн» деп айтылат маалыматта.
«Zeen Education» компаниясынын директору Айнура Мамашариптин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 20-апрелинде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталья шаарына барышкан. Окуучулар ата-энелеринин макулдугу менен «Zeen» компаниясынын өкүлдөрүнүн коштоосунда сапарга чыгышкан. Ал эми окуучулар көзөмөлсүз калган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда окуучулар коопсуз шартта олимпиадага катышып жатышат, алар Кыргызстанга 25-апрелде кайтып келээри белгиленүүдө.
Окуучулар «кароосуз калган» деген маалымат чындыкка туура келбейт. Компаниянын өкүлдөрү бүткүл сапар бою балдарды коштоп жүрүшөт жана көзөмөлдү камсыз кылышууда.
Билим берүү жана илим министрлиги кырдаалга байкоо салып, Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги менен байланышта экенин кабарлады.
24-апрелде Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын Анталья шаарында өткөн эл аралык математика олимпиадасына окуучуларды коштоп барган Кыргыз Республикасынын жараны, “Маариф” фондунун (мурдагы “Сапат”) мугалими Азамат Нурмат уулунун (Азамат Нурматов) кармалганына байланыштуу Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин консулу менен жолугушуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө аталган окуя боюнча расмий маалымат берүүнү өтүнүп, ошондой эле Вена конвенциясына ылайык, Нурмат уулу Азаматка ыкчам консулдук жардамды камсыздоо боюнча Тышкы иштер министрлигинин вербалдык нотасы тапшырылды.
Математика боюнча эл аралык олимпиаданын 2-туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп жүргөн кыргызстандык мугалим Нурматов Түркиянын аэропортунда кармалгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Ал “Маариф” фондунун (мурдагы Сапат) Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими экени айтылган.
Сүрөттө: Түркиядан кармалган мугалим Азамат Нурмат уулу. Социалдык тармактан.