Кыргыз жараны Эрмек Сабыржановдун Түркияда кармалганы айтылды
- 2 месяца мурун
Түркияда Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржанов диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Анда айтылгандай, «ал ушул жылдын 22-майында суракка алынып, 23-майда камалган. 34 жаштагы Эрмек Сабыржанов Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип баратканда Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан укук коргоо кызматкерлери кармаган. Алдын ала маалымат боюнча, Түркиянын укук коргоо органдары ага ФЕТО (“Фетхуллахчы террордук уюм”) уюмуна байланыштуу айып тагып жатат. Эрмек Сабыржанов 2014-жылдары Түркиянын Измир шаарында билим алган» деп билдирди басылма.
«Анын адвокаты Эрдем Атмажа “Азаттыкка” Эрмек Сабыржанов кармалганын ырастап, ушул тапта Анкарада абакта экенин кабарлады. Бирок кайсыл иш боюнча кине коюлганын айткан жок. Адвокат Сабыржановдун ишине байланыштуу бардык маалыматтарды Түркиядагы Кыргызстандын элчилигине бергенин кошумчалады. Эрмек Сабыржановдун жубайы Аделина Касымова “Азаттыкка” үч баласы менен эки жумадан бери Түркияда жүргөнүн, бул мамлекетте жакындары жок болгондуктан кыйналып жатканын билдирди».
Буга чейин Фетхуллах Гулендин кыймылына байланыштуу Түркияда Азамат Нурмат уулу кармалган.
Математика боюнча эл аралык олимпиаданын 2-туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп жүргөн кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу (Азамат Нурматов) Түркиянын аэропортунда кармалгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Ал — “Маариф” фондунун (мурдагы «Сапат») Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими.
Азамат Нурмат уулу үй камагына чыгарылганы кабарланган. Андн кийин ал Кыргызстанга кайткан.
Коомдук жана диний ишмер агартуучу, Түркияда террористтик деп табылган FETO уюмунун башчысы Фетхуллах Гүлен АКШда 2024-жылы кайтыш болду.
2016-жылы Түркияда Фетхуллах Гүленди мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпташкан. Андагы эки күндүк толкундоолордо 250 киши каза таап, 2,2 киши жаракат алгандан кийин, Анкар бийлиги АКШдан Гүленди ал өлкөдөн чыгарып берүүнү талап кылышкан жана Түркия бийлиги акыркы ФЕТО уюмунун мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылгыча куугунтуктай турганын билдирген.
Сүрөттө: Эрмек Сабыржанов. Социалдык тармактан




