ТИМ кыргызстандык мугалимдин Стамбулда кармалышы боюнча Түркия консулуна вербалдык нота тапшырды
- 1 год мурун
24-апрелде Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын Анталья шаарында өткөн эл аралык математика олимпиадасына окуучуларды коштоп барган Кыргыз Республикасынын жараны, “Маариф” фондунун (мурдагы “Сапат”) мугалими Азамат Нурмат уулунун (Азамат Нурматов) кармалганына байланыштуу Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин консулу менен жолугушуу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө аталган окуя боюнча расмий маалымат берүүнү өтүнүп, ошондой эле Вена конвенциясына ылайык Нурмат уулу Азаматка ыкчам консулдук жардамды камсыздоо боюнча Тышкы иштер министрлигинин вербалдык нотасы тапшырылды.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта Стамбул шаарындагы башкы консулдугу тарабынан адвокат табууга көмөк көрсөтүлүп, Түркиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу максатында ыкчам консулдук сапар уюштурулганы айтылды.
Олимпиаданын бардык катышуучуларын коопсуз кайтаруу маселеси көзөмөлдө турат. Жарандардын биринчи тобу Кыргызстанга кайтып келди, калган бөлүгүнүн учуусу жакынкы убакта күтүлүүдө. Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргызстандын жарандары жана кармалган жарандын жакын туугандары менен тыгыз байланышта болууда.
Буга чейин ТИМ «Бул маселе министрликтин жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө. Кармалган Кыргыз Республикасынын жаранынын жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлүп турат. Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу Түркиянын компетенттүү органдары менен Кыргыз Республикасынын жаранына жардам көрсөтүү боюнча иш алып барууда; кармоонун жагдайларын жана себептерин тактоо боюнча зарыл иштер жүргүзүлүүдө» деп билдирген.
Математика боюнча эл аралык олимпиаданын 2-туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп жүргөн кыргызстандык мугалим Нурматов Түркиянын аэропортунда кармалгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Ал “Маариф” фондунун (мурдагы Сапат) Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими экени айтылган.
Түркияда Кыргызстандагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин мурдагы директору Орхан Инанды «куралдуу террордук уюмду башкаруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 21 жылга эркинен ажыратылды.
Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Орхан Инанды 2021-жылы 31-майдын түнүндө жоголгон. Аны атайын кызматтар аны Анкарага алып барганы айтылган.
Анкаранын прокуратурасы Инандыны «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыптап, 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган. Айыптоо корутундусунда Инанды «Гүлен» кыймылынын Борбор Азия боюнча жооптуу кишиси болгону жазылган. Инанды эч күнөөсү жок экенин айтып келет.
Сүрөттө: Азамат Нурмат уулу (Азамат Нурматов). Социалдык тармактан




