Түркияда Орхан Инанды 21 жылга эркинен ажыратылды

  • 11 месяцев мурун

Түркияда Кыргызстандагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин мурдагы директору Орхан Инанды «куралдуу террордук уюмду башкаруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 21 жылга эркинен ажыратылды.

Бул тууралуу 16-июнда мамлекеттик «Анадолу» агенттиги кабарлады.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Орхан Инанды 2021-жылы 31-майдын түнүндө жоголгон.  5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан.

Анкаранын прокуратурасы Инандыны «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыптап, 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган. Айыптоо корутундусунда Инанды «Гүлен» кыймылынын Борбор Азия боюнча жооптуу кишиси болгону жазылган. Инанды эч күнөөсү жок экенин айтып келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты