​Орхан Инандыны Түркиянын атайын кызматтары уурдап кеткен

  • 3 года мурун

Ушул жылдын 31-майынан 1-июнуна караган түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалган, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын дайыны билинди.


Ал Түркиянын бийлиги тарабынан Кыргызстандан алынып келингенин түрк башчысы Режеп Тайып Эрдоган жарыя кылды.

«Атайын кызматыбыздын өкүлдөрү Борбор Азиянын ФЕТО боюнча жооптуу адамы Орхан Инандыны өлкөбүзгө алып келип, сот тармагына өткөрүп берди. Кийин бул киши ФЕТО кыймылынын жогорку башкаруучуларынын катарына кирип, ФЕТОнун кир акчаларын Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз»- деген Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Эске сала кетсек, Орхан Инандынын уурдалышы боюнча Кыргызстанда бир канча ирет митингдер уюштурулуп, өлкө башчысы Садыр Жапаров аны издеп табуу боюнча бардык күч органдарынын күчүн тартууга тапшырма берген.

Орхан Инандыны уурдоого аракеттер болоору 2019 – жылы эле УКМК тарабынан эскертилгенин, ага жан сакчыларды жалдоо жана сактык чараларын күчөтүү сунушталганын 1-июнда атайын кызматтын маалымат кызматы кабарлаган.

Орхан Инандыны Түркияга өткөрүп берүү талабы 2019-жылы айтылганын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында 7-июнда билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты