Кыргызстандык мугалим Азамат Нурматов Түркиянын аэропортунда кармалды

  • 4 недели мурун

Кыргызстандык мугалим Азамат Нурматов Түркиянын аэропортунда кармалды. Маалыматты тышкы иштер министрлиги тастыктады.

Математика боюнча эл аралык олимпиаданын 2-туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны Н.А.нын Түркияда кармалгандыгы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан маалыматка байланыштуу тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

«Бул маселе министрликтин жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө. Кармалган Кыргыз Республикасынын жаранынын жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлүп турат. Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу Түркиянын компетенттүү органдары менен Кыргыз Республикасынын жаранына жардам көрсөтүү боюнча иш алып барууда; кармоонун жагдайларын жана себептерин тактоо боюнча зарыл иштер жүргүзүлүүдө» деп айтылат маалыматта.

Буга чейин математика боюнча эл аралык олимпиаданын 2-туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп жүргөн Кыргызстандын жараны Азамат Нурматов Түркияда кармалгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Ал “Маариф” фондунун (мурдагы Сапат) Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими экени айтылган.

Сүрөт: Азамат Нурматов. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты