Тенгиз Бөлтүрүккө каршы көрсөтмө берүүгө башкаларды мажбурлап жатышканын анын жубайы билдирди      

  • 1 год мурун

Камакта жаткан Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаева Фейсбук баракчасы аркылуу бийликке кайрылуу жасап, Тенгиз Бөлтүрүккө каршы көрсөтмө берүгө башкаларды мажбурлап жатканын айтты.
-Менин күйөөм калпты аныктоочу детектордон өтүүгө даяр. Башкаларды күйөөмө каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлап жатышат. Ал эми күйөөмө каршы көрсөтмө бергендер, калп детекторунан өтүүгө даярсыңарбы?-деди ал.
Ошондой эле Тенгиз Бөлтүрүктөн деми улам токтоп, кыйналып жатканын билдирди:
-Ал апноэ болуп жатат. 1-1,5 мүнөттө 34 ирет деми токтогон. Анын бул көйгөйү мурда эле бар болчу. Бирок стресс болуп жатканда өтүшүп кетти. Анын оң жак чыканагы шишип кетиптир. Аны жасабаган кылмышты мойнуна алсын деп, прокуратурада жабык эшикте колуна кишен салып бир канча саат кармашыптыр, -деди ал.
-Менин күйөөм ким? Ал канадалык лицензиясы бар кесипкөй инженер! Ал саясатчы да эмес, оппозиция да эмес. Аны эмнеге саясий фигура кылып жатасыңар? Бул кимдир бирөөнүн өч алуусубу? Мени телефондон коркуткан белгисиз киши, бетиңди ач, -деди Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы.

Ошондой эле жубайы Тенгиз Бөлтүрүктүн өмүрүнөн коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатканын да билдирди.

Эсеп палатасы “Кумтөр Голд Компани” акционердик коомунун финансылык ишмердигин текшерүүгө алган. Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Тенгиз Бөлтүрүк кызматкерлерлин санын көбөйтүп жана өзүнө мыйзамсыз айлык акы жана сый акы чегерген.

2022-жылдын 17-майында Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд компанинин” башкаруучусуна, башкача айтканда өзүнө сый акы жазган. Сый акы бир айлык маянага барабар. Тенгиз Бөлтүрүк бул кызматта өзүнө 40 миң доллар айлык акы белгилеген.

Тенгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февраль айына чейинки сый акысы 473,2 миң доллар болгон.

2021-жылдын 21-декабрында Тенгиз Бөлтүрүк өзүнө 55 миң доллар сый акы белгилеген.

2022-жылдын 11-февралында Тенгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине башкаруучу болуп бекитилген. Ошол эле учурда ал “Кумтөрдөн” айлык акы алып турган.  2022-жылдын февраль айынан июнь айына чейин Бөлтүрүк 110, 7 миң доллар сый акы алгандыгы Эсеп палатасынын отчетунда айтылат.  

Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров Эсеп палатасы аудитинде манипуляцияга, фактыларды бурмалоого жол бергенин билдирди.
“Эсеп палатасынын отчету коомдук аң-сезимди манипуляциялоого, президент Садыр Жапаровго Теңгиз Бөлтүрүктүн күнөөлүү экенин жасалма көрсөтүүгө багытталган. Бөлтүрүктүн аракетинде кылмыштын курамы жок жана бул жагдайды биз кайсы гана сотто болбосун, далилдей алабыз,-деп жазган Абакиров.

Эсеп палатасы 3-февралда “Кумтөр” компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин, Бөлтүрүк жетектеп турган учурда корогон каражат, чыгымы тууралуу отчет жарыялаган.

Тенгиз Бөлтүрүк Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында убактылуу камакка алынган.

Башкы прокуратура алдын ала эсептөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда,  акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш иши козголгон.

Буга чейин «Кумтөр» компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов кызматтарынан четтетилди. Эсептөө палатасы «Кумтөр» компаниясын май айында текшерип, финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгын аныктаган. 

Өткөн жылы июлда, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.

Өткөн жылы 4-апрелде президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенинин Кыргызстанга толук кайтарылышы боюнча өлкөнүн элине түз эфирде кайрылуу жасап, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын энчисине өткөнүн белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты