Тенгиз Бөлтүрүк: “Өкмөттөгү кимдир-бирөөгө тоскооолдук кылып жатсам, тынч эле Канадага кетүүгө даярмын”

  • 1 год мурун

«Кумтөр» компаниясынын мурдагы убактылуу башкаруучусу жана «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компанисынын мурдагы жетекчиси, камактагы Тенгиз Бөлтүрүк президент Садыр Жапаровго ачык кат жазып, мамлекет башчыдан кечирим жана ырайым сурады. Анын катын адвокат Кайсын Абакиров Фейсбук баракчасына жарыялады.

-Урматтуу Садыр мырза! Менин алдыма сиз койгон милдеттерди жана жоопкерчиликти толугу менен канаттандырарлык аткара албай койгонума сизден чын жүрөктөн кечирим жана ырайымдуулук сураймын. Жумасына 75-80 сааттан иштесең да баары бир толук Кумтөрдүн жана Улуттук холдингдин иштерин, кесиптештерди көзөмөлдөөгө жалгыз үлгүрбөдүм. 20 жылдан ашык Кумтөрдө жана терең жана жакшы уюштурулган коррупциялык схемаларды толук жойгонго жалгыз алым жетпеди. Мен үчүн бул турмуштук чоң сабак болду.

Бирок мен сизге сөз бергендей, өзүм ошол схемаларга аралашкан жокмун жана сиздин абийириңизди түшүрүп же саткынчылык кылып уятка калтырган жокмун жана эч качан кылбайм. Азыр сиз гана менин адилеттикке жана кайрымдуулукка үмүтүмсүз жана ишенгенимсиз.

Эгерде дагы эле мага ишенсеңиз, сизге чынчыл жана ишенимдүү түрдө жардам берүүгө даярмын. Колуман көп жакшы нерселер келет.  Эгер мен өкмөттөгү кимдир-бирөөгө тоскоолдук кылып жатсам, анда тынч эле Канадага кетүүгө даярмын.

Азыр баары кудайдын жана сиздин колуңузда. Өзүңүз туура чечимди кабыл алууңузга ишенем, -деди Тенгиз Бөлтүрүк катында..

Эсеп палатасы 3-февралда “Кумтөр” компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин Тенгиз Бөлтүрүк жетектеп турган учурда корогон каражат, чыгымы тууралуу отчет жарыялаган.

Тенгиз Бөлтүрүк Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында убактылуу камакка алынган.

Башкы прокуратура алдын ала эсептөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда,  акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш иши козголгон.

Буга чейин «Кумтөр» компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов кызматтарынан четтетилди. Эсептөө палатасы «Кумтөр» компаниясын май айында текшерип, финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгын аныктаган. 

29-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.

4-апрелде президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенинин Кыргызстанга толук кайтарылышы боюнча өлкөнүн элине түз эфирде кайрылуу жасап, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын энчисине өткөнүн белгилеген.

Тенгиз Бөлтүрүк: “Өкмөттөгү кимдир-бирөөгө тоскооолдук кылып жатсам, тынч эле Канадага кетүүгө даярмын”

            

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты