Темиров тергөө видеосун жана кызматкерлердин жеке турмушун ачыктаганы үчүн  ИИМ кызматкерлерине карата арыз жазды  

  • 2 года мурун

Иликтөөчү журналист, Temirov Live командасынын жетекчиси Болот Темиров тергөө видеосунун жана кызматкерлердин жеке турмушун ачыктаганы үчүн  ИИМ кызматкерлеринин үстүнөн башкы прокуратурага жазган арызы Бишкек шаардык прокуратурасына жиберилгенин Фейсбук баракчасында билдирди.

“Менин ички иштер органдарына карата жазган арызым башкы прокуратурадан Бишкек шаардык прокуратурасына жиберилди” деп билдирди ал.     

  

22-январдын кечинде Temirov LIVE деп аталган YouTube каналынын негиздөөчүсү, журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция кармап кеткен.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирүүсүндө журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгонун (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо) маалымдаган.

23-январда Болот Темиров менен Болот Назаровду бошотуу талабы менен журналисттер, укук коргоочулар, коомчулук нааразылык акциясына чыккан. Болот Темиров менен Болот Назаров эч жакка чыкпоо кепилдиги менен камактан чыгарылган.

Андан кийин Темиров жана анын командасында иштегендердин жеке жашоосу тууралуу автору белгисиз видеолор тараган. Коомчулукта аны «адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү», «ыплас ыкма», «журналисттерди коркутуу» деген сындар айтылган. Бул видеолордун артында атайын кызмат, укук коргоо органдары турат деген да пикирлер бар. УКМК бул видеолорго атайын кызматтын тиешеси жок экенин 26-январда билдирди.

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты