Темирлан Султанбековдун камактагы мөөнөтү узартылды
- 1 месяц мурун
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун камактагы мөөнөтү 17-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу анын адвокаты Асел Аргымбаева Фейсбук социалдык тармагында билдирди.
Адвокат Аргымбаева бүгүн, 2026-жылдын 16-майында, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы К. Кангелдиев тергөөчүнүн ходатайствосун канааттандырып, Темирлан Султанбековдун камактагы мөөнөтүн 2026-жылдын 17-июлуна чейин узартканын билдирди.
-Сот бул чечимди процессуалдык орой кемчиликтерге карабастан кабыл алды. Кемчиликтер ходатайствону кароо учурунда айтылган,-деди адвокат.
Буга чейин Темирлан Султанбековдун 15-майга белгиленген соттук процесси 8 саат кезерип күткөндөн кийин, жылдырылып калганын адвокат Аргымбаева айтып чыккан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 2025-жылы 22-ноябрда кечинде билдирди.
Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагыдепутаттары Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Эрмек Эрматов жана Урмат Барыктабасовдун бөгөт чарасы каралып камакка алынды.
25-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов үй камагына чыгарылды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров да үй камагына бошотулган.
Буга чейин Ички иштер министрлигине 1998-жылы туулган жаран С.Т. массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөндүгү жана С.Т. кармалгандыгы кабарланган. ИИМ маалымат менен бирге үч киши сүйлөшүп отурган видеону таратты. Видеодон “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековду дагы көрүүгө болот.
Сүрөт: Султанбековдун ФБ баракчасынан




