Темирлан Султанбековдун сот процесси 8 саат күтүүдөн кийин жылдырылып калганы айтылды

  • 1 месяц мурун

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун 15-майга белгиленген соттук процесси 8 саат күткөндөн кийин, жылдырылып калган.

Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында Темирлан Султанбековдун адвокаты Асел Аргымбаева билдирди.

-2026-жылдын 15-майына Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Темирлан Султанбековдун камак мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөнүн ходатайствосун кароо боюнча сот отуруму белгиленген. Айыпталуучуну сотко эрте эле алып келишкен, Бирок ал экөөбүз сот отурумунун башталышын кезерип 8 саат күттүк. Мындан тышкары Европа бирлигинин элчилигинин өкүлү мониторинг жүргүзүү үчүн келген. Ал бир нече саат, саат 17:00лерге чейин күтүп, сот залынан кетүүгө аргасыз болду. Бул биздин сот системасынын азыркы абалынын көрсөткүчү болуп, жагымсыз жагдайды жаратты. Чет элдик дипломатка соттук көзөмөлдүн “деңгээлин” гана эмес, соттордун процессуалдык мөөнөттөргө, сот отурумунун катышуучуларына, жалпы сот процессине кайдыгер карагандыгын көрсөттү. Соттук отурум саат 22:00дө араң башталды. 12 мүнөттөн кийин ишти кароону кийинки күнгө калтырышты, -деп жазды адвокат Аргымбаева.   

Ал эми иштин материалы 12-майда эле түшкөнү айтылды.

«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 115-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, судья өтүнүч келип түшкөн күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен отурум өткөрүп, чечим кабыл алууга милдеттүү. Бул мөөнөт 15-майда аяктамак. Камактагы мөөнөттү узартуу маселеси жөн жерден чыккан жок, тергөө өтүнүчтү алдын ала берген, ал эми сот жараянды алдын ала белгилеген. Айыпталуучуга карата мамиле да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Күнөөсү али далилдене элек киши сотко жеткирилип, түн бир оокумга чейин, түшкү жана кечки тамаксыз 12 мүнөттүк соттук формалдуулук үчүн кармалып турду» деп жазды Асел Аргымбаева.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 2025-жылы 22-ноябрда кечинде билдирди.

Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин  уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагыдепутаттары Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Эрмек Эрматов жана Урмат Барыктабасовдун бөгөт чарасы каралып камакка алынды.

25-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов үй камагына чыгарылды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров да үй камагына бошотулган.

Буга чейин Ички иштер министрлигине 1998-жылы туулган жаран С.Т. массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөндүгү жана С.Т. кармалгандыгы кабарланган. ИИМ маалымат менен бирге үч киши сүйлөшүп отурган видеону таратты. Видеодон “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековду дагы көрүүгө болот.

Сүрөт: Темирлан Султанбековдун ФБ баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты