Темир Сариев эч жакка чыкпоо кепилдиги менен үй камагына чыгарылды

  • 2 года мурун

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев эч жакка чыкпоо кепилдиги менен УКМК убактылуу камак жайынан үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ЖМКга билдирди.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Кумтөр» иши боюнча кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөөдө маалым болгондой, Сариев экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда Кумтөр кенинин жумушунан экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон. Тагыраагы, Кумтөрдүн экологияга зыян келтиргени үчүн төлөй турчу акчасынан бир нече миллиард сом кыскартып салган. Жыйынтыгында мамлекетти болуп көрбөгөндөй ири суммадагы чыгымга учураткан деп белгиленген.

Сот Темир Сариев жана Данияр Нарымбаевдин камактагы мөөнөтүн 30-ноябрга чейин узартуу чечимин кабыл алган.

Кумтөр иши боюнча Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевди 30-ноябрга чейин УКМКнын абак жайында кармоо чечимин кабыл алган.

“Кумтөр” кенинин тегерегиндеги коррупцияга шектелип, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана экс-биринчи вице-премьер-министр, «Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмазбек Баатырбеков УКМК тарабынан кармалган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматов кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айыпка жыгылды.

Кыргызстандын мурдагы Президенти Аскар Акаев Москвадан Бишкекке келип, «Кумтөргө» байланыштуу сурак берди жана кайра кайтып кетти.

«Кумтөр иши» боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду.

Тайырбек Сарпашев 319-берененин 2-бөлүмү («Коррупция») менен кылмыш жасаган деп шектелип, 17-июнда камакка алынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты