УКМК: экс-премьер-министр Темир Сариев кармалды

  • 3 года мурун

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Кумтөр» иши боюнча кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

«Тергөөдө маалым болгондой, Сариев экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда Кумтөр кенинин жумушунан экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон. Тагыраагы, Кумтөрдүн экологияга зыян келтиргени үчүн төлөй турчу акчасынан бир нече миллиард сом кыскартып салган. Жыйынтыгында мамлекетти болуп көрбөгөндөй ири суммадагы чыгымга учураткан», — деп айтылган маалыматта.

Ведомстволор аралык тергөө тобу Сариев боюнча тергөө иштерин уланта турганы айтылды. Андан соң жакынкы 48 сааттын ичинде Биринчи май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы тандалат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты