Текебаевге кол салуу: Чолпон Сыдыкова сурак берди

  • 2 года мурун

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча Токмокто жашаган Чолпон Сыдыкова Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында сурак берди.

Бул тууралуу Чолпон Сыдыкова Фейсбук баракчасында билдирди.   

“Биздин жарандар, анын ичинде мен дагы, кимдерди тааныганыбыз (сүрөт,видео-ред) тааныганыбыз боюнча түшүндүрмө бердим. Мен өзүм Токмок шаардык кеңешинин депутаттары Анарбек Маликов менен Кайрат Чокеевди тааныдым. Алар ал жакта эмне кылып жүргөндүгү тууралуу айтып берет деп ишенем” деди ал.  

Буга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча кармалган жаран Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев менен тааныштыгы бар экенин билдирген. 

«ПолитКлиника» медиасынын жамааты Өмүрбек Текебаевге кол салуу Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевге байланышы бар экенин аныктаган.

Бул окуя боюнча Токмок шаардык мэриясынын депутаты Чолпон Сыдыкова Өмүрбек Текебаевге кол салгандар Токмоктун мэри Урматбек Самаев менен байланышы бар экенин билдирген. 

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салган. Алар саясатчынын уюлдук телефону менен көз айнегин алып кеткен.

Муну «саясий террор» деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырган Текебаев Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Президент Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган.

Текебаевге кол салуунун артында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети турат деген сөз тарап, атайын кызмат муну четке каккан.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Шектүү Чүйдүн тургуну. 2-декабрга караган түнү милицияга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырган. Кармалган жаран иш кылмыш-кодексинин 96-беренеси боюнча шектелүүдө.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты