УКМК: Текебаевдин тегерегиндеги окуяга УКМКнын да, анын кызматкерлеринин да тиешеси жок  

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Өмүрбек Текебаевдин тегерегиндеги окуяга комментарий берди.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

-Park Hotel жанында болгон Текебаевге байланыштуу окуяга УКМКнын да, анын кызматкерлеринин да тиешеси жок. Ал эми социалдык тармактарда жазылып жаткан Текебаевдин телефону УКМК имаратына жакын жерде экен деген сөздөр УКМКга карата чагым болуп саналат.    

Саясатчыларды жана анын тарапташтарын  чагымчыл акциялардан, мамлекеттик органдарды, анын ичинен УКМКны бир нерсеге айыптоодон алыс болууга, анын ордуна арыз жазып кайрылууга чакырабыз.

Жалаа жабуу, чагымчыл акция, УКМКны куру айыптоонун жоопкерчилиги болорун эсиңиздерге салабыз,-деп комментарийледи.

«Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болгону айтылган.  Анын сөзүнө караганда, үч кичи автобус менен келген 70ке жакын адамдын эки-үчөө аны ур-токмокко алган. Жаалданган топ саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен. Текебаев бул окуяны «саясий террор» деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырды.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого “Ата Мекен” партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Өмүрбек Текебаевге кол салуу  фактысы боюнча кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн зарыл болгон бардык ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты