Робот көзөмөлдөн чыгып, адамдарга кол салдыбы?
- 1 месяц мурун
- Видео, Фактчекинг
Социалдык тармактарда «робот көзөмөлдөн чыгып, адамдарга кол салды» деген видео кеңири тарап, миллиондогон көрүүлөрдү топтоп жатат.
Айрым интернет колдонуучулар муну роботтордун адамдарга каршы көтөрүлүшүнүн башталышы деп айтышса, башкалары видеону жасалма интеллект аркылуу жасалган деп жазышууда. Биз бул маалыматты текшерип көрүүнү чечтик.
Жыйынтык көрсөткөндөй, мушташып жаткан “Unitree G1” аттуу гуманоид роботу болуп саналат. Аны жасаган компаниянын маалыматы боюнча, аталган модель 23 төн 43 кө чейин жогорку тактыктагы муун кыймылдаткычтары менен жабдылган. Бул ага адам сыяктуу басууга, чуркоого, ар кандай жаңсоолорду жана алдын ала программаланган татаал кыймылдарды аткарууга мүмкүнчүлүк берет.

Башкача айтканда, тарап жаткан видеодо чыныгы “Unitree G1” гуманоид роботу тартылган. Бирок ал адамдарга каршы көтөрүлүшкө чыккан эмес. Видеонун авторлору роботко Жоко деген ат коюп, аны менен көңүл ачуучу видеолорду тарта башташкан.
А сиз кандай ойлойсуз? Келечекте мындай роботтор адамдарга каршы чыгышы мүмкүнбү же бул фантастикалык окуялар гана бойдон калабы? Пикир жазыңыз.




