Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышын аныктадык

1-декабрь күнү,  “Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге спорт түзүлүшүндөгү белгисиз адамдар кол салган. Партиянын маалымат катчысы Динар Турдугулованын айтымында, 3 автобус менен 100дөй белгисиз адам Өмүрбек Текебаевдин колунан көз айнеги менен телефонун жулуп кетишкен.  

Бул окуя боюнча Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова Өмүрбек Текебаевге кол салгандар Токмоктун мэри Урматбек Самаев менен байланышы бар экенин билдирген. 

“Мен Бишкек шаарына депутат Медербек Саккараевдин кош жарандуулугу боюнча БШКга кайрылганы келгенмин. Кийинчерээк, Өмүрбек Чиркешевичке кол салуу болгону тууралуу видеону көрдүм. Видеодо, Токмоктун азыркы мэринин жакын чөйрөсүндөгү Анарбек Маликов, Кайрат Чокеев аттуу адамдар бар”, — деп айткан.

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышын аныктадык

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү

Токмок: Шайлоодон утулгандар элди аңтарып салабыз дегенди токтоткула” 

1-декабрь күнү Токмок шаарынын 100дөй тургуну шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жаткандарга карата видео билдирүү бөлүшүшкөн. Анда, үчүнчү күчтөр жана утулган партиялар митинг уюштуруп, элди тажатып жатканы айтылат. Видео “7-каналга” чыгарылган. 

Белгилей кетсек, “7-канал” 2010-жылы азыркы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан негизделген. 2012-жылы Ташиев бийликти басып алууга аракет кылган деген айып тагылгандан кийин телеканалды Икрам Илмияновдун айланасындагы адамдарга сатып жибергени айтылган. Юстиция министрлигинин сайтында “7-каналдын” негиздөөчүлөрүнүн бири Камчыбек Ташиевдин иниси Казыбек Ташиев экени көрсөтүлгөн. 

Бул видеону Урматбек Самаев дагы Фейсбук баракчасынан бөлүшкөнүн көрүүгө болот.

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышын аныктадык

Шаардык депутат Чолпон Сыдыкова аталган видео Токмок шаарындагы “Мегаполис” аттуу кафеде тартылганын айткан. 

Видеону карап көрө турган болсок, кафенин дизайны 2017-2019-жылдары “Мегаполис” кафесинде тартылган сүрөттөр менен окшош экенин көрүүгө болот. 

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышын аныктадык

Башкача айтканда, шайлоого нааразы партияларга жолдонгон видео билдирүү “Мегаполис” кафесинде тартылганы чындык. Токмок шаарынын тургундарынын билдирүүсүнө караганда, аталган кафе шаардык депутат Медербек Саккараевге таандык. 

Ал эми, Медербек Саккараев менен Урматбек Самаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого катышышкан. Ошондой эле, Медербек Саткараев Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер болгон.

Кадастрдык маалыматка ылайык, “Мегаполис” кафеси Медербек Саккараевдин бир тууганы Саккараева Айнагүл Джамангуловнага таандык. 

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышын аныктадык

Белгилей кетсек, Медербек Саккараев парламенттик шайлоого Чүй округу боюнча катышып, утуп чыккан. Бирок кийинчерээк Саккараевде Казакстандын жарандыгы бар экени белгилүү болуп, азыр териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Анткени, кош жарандыгы бар адамдар мыйзам боюнча депутат болууга укуксуз. 

Видеодогу адамдар Текебаевге кол салуу болгон жерде жүрүшкөн

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын арасында, “Мегаполис” кафесинде отургандар да болгон. 

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышын аныктадык

Чаар-ала моюн орогуч жана тебетей кийген адам ызы-чуунун арасында жүргөнү даана көрүнгөн.

Токмок шаарынын депутаты Чолпон Сыдыкованын билдирүүсүнө ылайык, кол салгандардын арасында шаардын мэри Урмат Самаевдин оң колу Кайрат Чокеев да болгон. Чогулгандар беткапчан болгондуктан, жүздөрү так көрүнгөн эмес. 

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышын аныктадык

Кайрат Чокеев социалдык баракчаларында, Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев менен бирге түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Мындан сырткары, 1-декабрь күнү Фейсбуктагы баракчасына “Митинг каракчылыкка, кан төгүүгө алып келет!” деген билдирүүнү да бөлүшкөн.

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышын аныктадык

Белгилей кетсек, Кайрат Чокеев июль айында өткөрүлгөн шайлоодо “Бирге” партиясын жетектеп, шаардык кеңешке депутат болуп шайланган. Ал эми, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Урматбек Самаев 2021-жылы 26-августта Токмок шаарынын мэри болуп шайланган. 

“Парк отель” мейманканасынын алдына чогулгандардын арасында Токмок шаарынын дагы бир депутаты Анарбек Маликов болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Чолпон Сыдыкова билдирди. 

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышын аныктадык

Анын айтымында, Анарбек Маликов шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча шайлоого катышкан Медербек Саккараевдин иниси болуп саналат.

Мындан сырткары, “Мегаполис” кафесинде митингдерге каршы жыйынга катышкан башка адамдарды да көрүүгө болот.

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышын аныктадык

Уюштурган Урматбек Самаевдин өкүл баласыбы?

2-декабрда Бишкек шаардык милициясы Өмүрбек Текебаевге кол салган деп эсептелген шектүү жаранды кармашты. Маалыматка ылайык ал, Э. Ы аттуу 23 жаштагы жаран болгон. 

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышын аныктадык

Видеодо анын Өмүрбек Текебаевди аркасынан түрткөнүн көрүүгө болот. Чолпон Сыдыкованын “ПолитКлиника” медиасына берген маалыматына ылайык, Ыбыш Эшпаев аттуу бул жаран, Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин өкүл баласы жана айдоочусу болуп саналат. 

Жыйынтык: Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Токмоктун мэри Урмат Самаев менен байланышы бар экени чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты