Текебаевге кол салуу болду

  • 2 года мурун

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге спорт түзүлүштөгү белгисиз адамдар кол салды.

Өмүрбек Текебаев «Парк Отель» мейманканасынын кафетерийинде отурган.

«Ата Мекен» партиясынын өкүлү Динар Турдугулованын айтымында 3 бусик менен 100дөй спорттук түзүлүштөгү белгисиз адамдар Өмүрбек Текебаевдин колунан көз айнеги менен телефонун жулуп кетишкен.

Көп өтпөй Өмүрбек Текебаев өзү комментарий берди жана шайлоонун жыйынтыгын тааныбагандарды коркутуу аракеттери болуп жатат деп билдирди.

«Бандиттик башкаруу келип отурат. Тоого уурдап чыгып кетмей, өлтүрүп коймой, көмүп коймой. Шайлоо бүтө элек, жаңы башкаруу формасынын жүзүн көрүп отурабыз. Алар бүгүнкү бийликти колдойт экен. Жакшы бийлик, эл тандап алды деди… Бир башчысы качкандан кийин, калганы «байке, байке» деп туруп калышты. Садыр Жапаров мына ошол башчыларын таап, камашы керек. Камабаса өткөргөн шайлоосу менен абийири төгүлдү», — дейт Өмүрбек Текебаев

Маалымат дагы толукталып турмакчы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты