Текебаев саясий кырдаалга шарттуу, ирониялык гана мүнөздөмө бергенин билдирди

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев өзүнүн социалдык тармактарда жазган постуна «Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш аракети болду деп, саясий куугунтуктоого жол ачып берди» деген айыптоо» болуп жатканын билдирди.

Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Берлинге, Германиянын Бундестагына иш сапары менен келип кеткендеги жолугушуусу тууралуу Фейсбук баракчасына жазгандарында “эч кандай юридикалык баа жок, эч кандай конкреттүү адамга айып тагуу жок, болгону татаал саясий кырдаалга шарттуу, ирониялык мүнөздөмө берилген” деп билдирди.

Өмүрбек Текебаев Фейсбук социалдык тармагына жазгандарын мындайча чечмелеп берди:  

— Мага коюлган дооматтын маңызы — Текебаев Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш аракети болду деп саясий куугунтуктоого жол ачып берди деген айыптоо, -деди ал.

«Удачный госпереворот» же «неудачный госпереворот» деген формулировкалар фактты түз констатациялоо эмес. Бул — татаал саясий кырдаалды кыскача жана түшүнүктүү жеткирүүгө жардам берген ирониялык, жалпыланган формула. Башкача айтканда, бул жерде тырмакча атайын колдонулган: ал сөздөрдү бөлүп көрсөтүү менен бирге алардын түз эмес, шарттуу жана баалоочу мааниде айтылганын билдирет” деди Өмүрбек Текебаев.

Бирок айрым адамдар сөздү контексттен ажыратып, башкага бурмалап жатканын белгиледи:

-Бирок, Зигмунд Фрейд айткандай, ар ким өз каалаганын, кээде ички ниетин көрөт. Бук болуп айта албай жүргөнүн төгүп-чачып алат. Жүзүн ачып алат. Момент келди деп капталдан качырып каап алат. Постту окубай эле талашка катышкандарга капалык жок — алар кечиримдүү. Кеп бул сөздөрдү контексттен ажыратып, атайылап башкача мааниге бурмалап жаткандар жөнүндө,- деди элчи Текебаев

“Ошентип, менин сөздөрүмдө: эч кандай юридикалык баа жок, эч кандай конкреттүү адамга айып тагуу жок, болгону татаал саясий кырдаалга шарттуу, ирониялык мүнөздөмө берилген. Менин сөздөрүмдү дал ушундай мааниде кабыл алууну өтүнөм” деди Өмүрбек Текебаев.

Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Берлинде, Бундестагда жолугушканы тууралуу биринчи мындайча пост жазган:    

 «Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди. Курагыбыз бир болгону менен, биз эки башка тарыхый доордо, эки башка саясий кырдаалда шайландык. Мен «удачный госперевороттон» кийин шайлансам, Марлен «неудачный госперевороттон» кийин шайланды. Заманыбыз ар башка. Шарттар ар башка. Бирок миссия — бир. 2005-жылы да, 2026-жылы да төраганын негизги милдети бирдей эле: биринчи — саясий туруктуулукту камсыз кылуу, экинчи — мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө, үчүнчү — социалдык-экономикалык өнүгүүгө жол ачуу» деп жазган мурунку постунда Германиядагы элчи Текебаев.

Сүрөттө: Өмүрбек Текебаев жана Марлен Маматалиев Берлинде. Текебаевдин баракчасынан  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты