Өмүрбек Текебаев менен Кубан Чороевдин “Династия. Металл. Ат” аттуу китебинин бетачары өттү

Бүгүн, 22-августта, Өмүрбек Текебаев менен Кубан Чороев тарабынан жарык көргөн «Династия Металл Ат» аттуу эмгектин бет ачары өттү.

Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, тарыхчылар, изилдөөчүлөр жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышты. 

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жаңы эмгектин Евразиянын байыркы тарыхын, көчмөн цивилизациянын калыптанышын жана анын адамзат тарыхындагы ордун изилдөөдөгү маанисине токтолду.

«Кылымдар бою дүйнөлүк тарыхнаамада цивилизация түшүнүгү көбүнчө отурукташкан жашоо образы, шаарлар, дыйканчылык жана жазма маданият менен байланыштырылып келген. Ал эми бул эмгекте адамзат тарыхындагы цивилизациялык өнүгүүнүн өз алдынча “көчмөн жолу” болгондугу тууралуу концепция сунушталып жатат. Бул биздин тарыхыбызды тереңирээк таанып-билүү үчүн өзгөчө мааниге ээ” деди төрага.

Китеп тууралуу ой-пикирлерин Тынчтыкбек Чоротегин, Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Өскөн Осмонов жана башкалар билдирди.

Китеп талкууга чакырган, дагы кенен талдоого алына турган олуттуу эмгек болгонун катышуучулар белгилешти.

Буга чейин авторлордун бири Өмүрбек Текебаев китеп тууралуу мындай деген:   

-Изилдөөнүн биринчи тому мындан төрт миң жылдан үч миң жылга чейинки мезгилди камтыйт. Биздин гипотезага ылайык, дал ушул миң жылдыктын ичинде Евразиядагы алгачкы көчмөн цивилизация калыптанып, гүлдөп-өнүгүп, өзүнүн тарыхый өнүгүүсүнүн биринчи баскычын аяктаган. Биздин божомол боюнча, төрт миң жыл мурда Алтай, Саян, Тянь-Шань жана Ала-Тоону камтыган, аянты 2,5–3 миллион чарчы километр болгон тоо-талаа мейкиндигинде Евразиянын биринчи көчмөн цивилизациясы жаралган. Бул концепция илимий далилдердин үч негизги комплексине таянат.

Биринчиси — археология. Археологдор бугу таштары менен керексурлар маданиятын чарбачылыгы, дүйнө таанымы, сөөк коюу салты, аскердик курал-жарагы жана атты ыйык тутуу салты жагынан бирдиктүү маданий мейкиндик катары карашат.

Экинчиси — заманбап даталоо ыкмалары. Радиокөмүртектүү даталоо жана изотоптук-геохимиялык изилдөөлөр бул эстеликтер комплексинин болжол менен 4000–3000 жыл мурунку заманга таандык экенин ишенимдүү көрсөтүп турат.

Үчүнчүсү — археогенетика. Изилдөөлөр ошол доордогу элиталык көрүстөндөрдө негизинен R1a жана Q гаплогруппаларынын өкүлдөрү кездешерин көрсөтөт. Биздин оюбузча, ушул эки популяциянын өз ара аралашуусу жана биригүүсү ошол цивилизациянын аскердик-саясий элитасынын калыптанышында маанилүү роль ойногон,-деген Текебаев.

Китеп англис тилинде да жарык көрүп, сатыкка чыкты.

Өмүрбек Текебаев менен Кубан Чороевдин “Династия. Металл. Ат” аттуу китебинин бетачары өттү

Сүрөт: Социалдык тармактан    

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты