Тажикстандын кол салуусунан жарадар болгондор — 144, каза болгондордун жалпы саны — 59 адам

  • 2 года мурун

18-сентябрь саат 22:00гө карата Тажикстандын кол салуусунан жаракат алып, саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны-144 адам.   Каза болгондордун жалпы саны — 59 адам.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу).

Калган жабыр тарткан жарандар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда.

Баткен облусунан алынган ыкчам маалыматтар боюнча, дагы 13 каза болгон адамдын сөөгү Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына келип түшкөн. Баткен облусунда Тажикстандын агрессиясынан каза болгондордун жалпы саны 59 адам.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Бүгүн, 18-сентябрда кечинде, Кыргызстандын тышкы иштер мннистрлиги (ТИМ) кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча билдирүү жасады. Анда ТИМ чек арадагы окуяны “Тажикстандын алдын-ала пландалган куралдуу агрессиясы» деп атады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты