Баткенде дайынсыз болуп жаткан төрт адам табылды

  • 2 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыбековдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы Тажикстандын агрессиясынан улам төрт адамдын дайыны чыкпай жаткан. Алардын баары жекшембиде табылды.

«Тоо тарапты көздөй качып кетип, ошол жакта бекинип жаткан экен. «Биз аларды бекинген жерлерден таптык. Аларга тик учак жөнөтүп, эвакуация жумуштарын жүргүзүп, Баткенге түшүрүп алдык»деди министр.

Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу бүгүн, 19-сентябрда, Кыргызстан аза күтүүдө.

Ага ылайык, бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.

Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 144 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Кыргызстандын nышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Тажик тарапты Тажик тарап Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду» деп айыптады.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты