Тажикстан президентинин сапары: Кыргыз-тажик чек ара келишимине эки тараптуу кол коюу пландаштырылууда
- 1 неделя мурун
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 12-мартта Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“Бул сапардын алкагында сапардын статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуулар пландаштырылган.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун Биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда” деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.
12-13-март күндөрү Кыргыз Республикасына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүп жаткандыгы белгилүү болгон.
Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишим долбоорун даярдаганы маалымдалган.
27-февралда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишими жактырылган.
Сүрөт: Эмомали Рахмон. Интернет булактарынан