Парламент комитеттеринин кошмо жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим жактырылды

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 27-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында алты комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркация боюнча бир нече документ кабыл алынды.

Жыйында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин долбоору; Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, Автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуунун долбоору; Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуунун долбоору каралды.

Бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады.

Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында маселе суроо-жоопсуз өттү.

Комитеттердин биргелешкен жыйынынан кийин бул маселе дагы бир жолу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгылат.

21-февралда Бишкек Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов төрагалык кылышты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери топографиялык жумушчу топтордун жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жетекчилеринин маалыматтарын угушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыктоочу документтерин тариздөө боюнча аткарылган иштердин жыйынтыктарын бекитишкен.

Тараптар төмөнкү долбоорлорду бекитишкен:

— Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим;

— Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.

Жогорку Кеңештин комитеттери кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркация маселеси боюнча келишимди, макулдашууну жактырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты