Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маанилүү келишимдер бекиди
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 21-февралда Бишкек Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов төрагалык кылышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери топографиялык жумушчу топтордун жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жетекчилеринин маалыматтарын угушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыктоочу документтерин тариздөө боюнча аткарылган иштердин жыйынтыктарын бекитишкен.
Тараптар төмөнкү долбоорлорду бекитишкен:
— Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим;
— Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.
«Тараптар ошондой эле тиешелүү эки тараптуу эл аралык келишимдерди мамлекет ичинде макулдашуу жол-жобосун баштоого тапшырма беришти. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү»,- деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы