Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун келиши күтүлүүдө

  • 1 месяц мурун

12-13-март күндөрү Кыргыз Республикасына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө.

Маалыматты президенттин аппаратынан ЖМКга тастыкташты.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишим долбоорун даярдаганы маалымдалган.

27-февралда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишими жактырылганы маалым болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык,  2025-жылдын 12-13-мартында Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик иш сапар менен келе тургандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

Алар:
– «Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
– Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;

-Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

– Манас жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

— «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Сүрөттө: Эмомали Рахмон. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты