«Тойбосс» жана IFC 10 млн долларлык каржылоо боюнча келишимге кол коюшту
- 2 часа мурун
- Жаңылыктар
2026-жылдын 5-ноябрында «Адал Азык» ЖЧКсы («Тойбосс» соода маркасы) жана Дүйнөлүк банк тобуна кирген Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) 10 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылоонун экинчи траншын бөлүү боюнча келишимге кол коюшту.
Компанияны кеңейтүүгө багытталган IFCнин инвестициялык программасынын жалпы көлөмү 20 млн АКШ долларын түзөт.
Инвестициялар Чүй облусунда жайгашкан «Агро Куш» канаттуулар комплексин мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Сүрөттөр: «Тойбосс» компаниясы
Муну бөлүшүү




