Тажик аскерлери жардырган көпүрөнүн азыркы абалы (Сүрөттөр)  

  • 2 года мурун

Тажикстандын аскерлери тарабынан жардырылган Көк-Таш – Ак-Сай жолундагы 36 метрлик көпүрөнүн  азыркы абалы.

Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү тажик аскерлери жасаган жардыруу учуру шилтемедеги видеодо.

Бул көпүрө калк үчүн дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү товарларды жеткирүүчү эң керектүү өтмөк болгон.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атууну баштаганын билдирген.

Соңку маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандардын саны 163кө жетти.

Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Кыргызстандын nышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Тажик тарапты Тажик тарап Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду» деп айыптады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты